Мыйзамсыз мигранттарга унаа айдоого тыюу салынабы?

Автор

Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга унаа айдоого, ошондой эле жеке ишкерлик кылууга жана кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин мыйзам долбоорунда айтылат.
Министрлик юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоого, автоунаа же кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салууну киргизүүнү сунуштоодо.
Октябрда Мамлекеттик Думанын депутаттары мигранттардын медициналык тейлөө тармагында, мектеп системасында жана таксиде иштетпөө керектигин билдирген.
Алар аталган тармактарда мигранттарды тартууга жол берилбестигин мыйзамдык жактан белгилөөнү сунуштап жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт

Эртең Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Мэриядан  билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз мамлекеттик филармониясында, күндүзгү саат 10до башталат. Анда калкка 6 миңден ашык бош орундар сунушталат. Каалоочулар ошондой эле ылайыктуу кесипти тандоо үчүн тест тапшырса болот. Мындан тышкары, талап кылынган адистиктер боюнча акысыз кайра даярдоо курстары менен таанышууга […]

Сизге жагышы мүмкүн