Бишкекте ун сатылган жарманкелер уюштурулууда. Даректери

Автор

Бишкекте ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жарманкелер уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Айыл чарба министрлигинин Агроөнөр жай кластерлери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исхак Анарбеков Кыргызстанда ундун көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок экенин түшүндүрдү.

 

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

 

“Ош” базары;

“Аламедин” базары (“Табылга” соода борборунун аялдамасы);

“Орто-Сай” базары (“Оберон” бөлүмүнүн кире бериши);

“Дордой фут” базары.

Ага ылайык, Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баасы: жогорку сорт — 1 860 сом; 1-сорт — 1500 сом; 2-сорт — 1125 сом.

 

“Буга чейин казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50% Казакстандын уну түзгөн. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл газ тартыш болушу мүмкүн

“Газпром Кыргызстандын ” башчысы  Болот Абилдаевге “Даңк” орденин эмнеге бердиңер? Же, кышта газды өчүрүп, элди үшүтсүнбү”,- деди депутат Жеңиш Токторбаев министрлер кабинетине. “Быйыл газ тартыш, кыш оор болот деп жатышат. Көмүр кандай болот, жетиштүү деңгээлде барбы, жакшылап текшериңиз. Газ, свет, көмүр тартыш болуп калса, президент жана генерал иштей албай жатышат […]

Сизге жагышы мүмкүн