АКШда Путин Ким Чен Ынга белек кылган унаа тууралуу сөз болду

Автор

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер Россия Федерациясынын башчысынын КЭДР лидерине жасаган белеги боюнча комментарий берди. Ал муну БУУнун санкцияларын бузуу деп атады. Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтымында, ал “россиялык кымбат баалуу унаалар” жөнүндө билгенде таң калган.
“Мен бул билдирүүлөрдү көрдүм, бирок чынын айтсам, Россияда жасалган кымбат баалуу унаа деген нерсе бар экенин билген эмесмин”,-деди. Ошол эле учурда ал Россиянын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга унааны өткөрүп бериши БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкцияларын бузаарын баса белгиледи.
Жуманын башында КЭДР башчысына Россия Федерациясынын президентинен Россияда чыгарылган автоунаа белекке берилгени белгилүү болгон. Түндүк Кореянын лидеринин эжеси бул белек эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда түзүлгөн өзгөчө достук мамилелердин ачык далили катары кызмат кылаарын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Матраимовчу эки депутат кетти

Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Ражабалиев менен Искендер Матраимов мандатын тапшырып берүү үчүн Борбордук Шайлоо комиссиясына арыз жазганы маалымдалды. Белгилүү болгондой, Искендер Матраимов издөөгө алынган Раимбек Матраимовдун агасы. Өткөн жума ал мандат тапшырууга эч кандай себеп жок деп билдирген эле. Бирок, коомчулук аталган депутаттарды кызматтарын тапшырып бериши керек деп эсептешет. Мындан […]

Сизге жагышы мүмкүн