Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Грузиядан алгачкы алтын медаль алып келди

Автор

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу Грузияда өткөн дзюдо боюнча Чоң шлем турниринде алтын медаль тагынды. Эл аралык «Tbilisi Grand Slam-2023» турнири 24-мартта старт алган.

Айбек уулу 66 кг салмак категориясында алтын үчүн ат салышкан. Бул салмак категориясында  жалпысынан  41 спортчу күч сынышты.

Кыргызстандык дзюдочу 1/16 финалдан баштап, Куба, Бразилия жана Грузия мамлекетинин спортчуларын утушу менен жарым финалга жолдомо алган.

Финалга болгон жолдомо үчүн Айбек уулу дагы бир грузиялык атаандашты жеңген. Ал эми финалда Монголиянын спортчусунан күчтүүлүк кылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзгөндө дагы жер көчүп, турак үйдү басып калды

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчтү активдешип, бир турак үйдү басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ  жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калган. Белгилей кетсек, 22-мартта таңга маал жер […]

Сизге жагышы мүмкүн