Эрдоган: ХАМАСты террордук уюм катары тааный албайм

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ХАМАС кыймылын террордук уюм деп таануудан баш тартты. Анын айтымында, бул анын азыркы позициясы жана келечекте аны өзгөртүүгө ниети жок.
Түрк лидери ХАМАСтын мүчөлөрүн “1947-жылдан бүгүнкү күнгө чейин алар ээлеген бир ууч жерлерде согушуп жаткан адамдар” деп мүнөздөдү. Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Дубайдагы климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынан кайтып келе жатып «Мен ХАМАСты эч качан террордук уюм катары тааный албайм»,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Суучул Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта алтын утту

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча АКШнын ачык чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча федерациясы кабарлашты. Денис Петрашов  брасс ыкмасы боюнча 100 метр аралыкты 59,46 секундда сүзүп өтүп, алтын медаль жеңди. Кыргызстандык суучул мыкты жыйынтык көрсөтүп гана тим болбостон, экинчи ирет Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия […]

Сизге жагышы мүмкүн