Олаф Шольц Си Цзиньпин менен жолугушту

Автор

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Германиянын канцлери Олаф Шольц Пекиндеги Дяоюйтай мамлекеттик резиденциясында жолугушканын Кытайдын борбордук телеканалы билдирди. Шольц мырза Кытайда үч күндүк иш сапары менен жүрөт.
«Биз стратегиялык көз караштан жана узак мөөнөттүү келечекте эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүнү карашыбыз керек»,-деди Си мырза жолугушууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Олаф Шольц Си Цзиньпинди Украина үчүн алгылыктуу шарттарда тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга көндүрүүгө ниеттенүүдө.
Олаф Шольц Кытайга 14-апрелде келген. Сапарда аны экология, айыл чарба жана транспорт боюнча жооптуу үч министр, ошондой эле BASF, Mercedes-Benz жана BMW сыяктуу немис компанияларынын он чакты топ-менеджерлери коштоп жүрүшөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бонецкий лабораториясына 423 млн сом айып салынды

Бонецкий лабораториясына (“Интелмед” ЖЧК) “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузган делип, 423 миллион сом айып салынды. Мындай маалыматты Монополияга каршы кызматы маалымдады. Ага себеп катары COVID-19 пандемиясында ПЧР-анализдин баасын көтөргөнү айтылат. Ал учурда Кыргызстанда өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. Аталган лаборатория ошол кездеги кыйын кырдаалдан пайдаланган делет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн