Прокурорлор менен сотторго төлөнгөн каражатка эл нааразы

Автор

“Прокурорлорго орточо кызмат акысынын эсебинен бир жолку айлык  өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Мындай маалыматты башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева парламенттеги комитет жыйынында билдирди. Мындан улам Чаткал районунун көз жумган судьясына 21 млн 699 миң сом төлөнүп берилет. Прокурор айымдын мындай маалыматы депутаттарды дүргүттү. Надира Нарматова “муну угуп алып, прокурор болуп өлгүң келет го”,- деп билдирсе, Камила Талиева болсо, муну элдин акчасын чачуу катары баалап, тезинен мыйзамды өзгөртүү керек экенин сунуштады. Ал эми соттор бир жылдык айлык акыны алып, андан кийин пенсияга чыгаары белгилүү болду.

Коомчулук прокурор менен сотторго төлөнгөн ашыкча каражаттар боюнча өлкө жетекчилерине кайрылышып, элдин ишениминен кеткен фемида өкүлдөрүнүн каражаттарын чектөө сунушун киргизишүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиядагы шайлоо Орхан Инандыны эске салды

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоого Кыргызстандыктар да, баам салып, байкап турушту. Шайлоодон кийин белгилүү Кыргызстандык мугалим Орхан Инандынын бошотулушуна тилектештигин билдиришти. Чыгаан журналисттердин бири  Канышай Мамыркулова ФБдагы өздүк баракчасына  “Орхан Инанды окутуучуну биздин өлкөгө ким кайтарса, Түркиянын бийлигине ошол келсин дейт элем. Ал биздин жаран, биздин агартуучу агай”,- деген пикирин […]

Сизге жагышы мүмкүн