Түркиядагы шайлоо Орхан Инандыны эске салды

Автор

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоого Кыргызстандыктар да, баам салып, байкап турушту. Шайлоодон кийин белгилүү Кыргызстандык мугалим Орхан Инандынын бошотулушуна тилектештигин билдиришти. Чыгаан журналисттердин бири  Канышай Мамыркулова ФБдагы өздүк баракчасына  “Орхан Инанды окутуучуну биздин өлкөгө ким кайтарса, Түркиянын бийлигине ошол келсин дейт элем. Ал биздин жаран, биздин агартуучу агай”,- деген пикирин билдирсе, Салтанат Асанбекова аттуу айым “Түрк лицейинин окуучуларына баа бердим. Укмуш күчтүү окуучулар бар экен. Биздин КРга билимдүүлөр керек. Демек Орхан Инанды деле пайда алып келген окшойт деп калдым. Буга чейин маани берчү эмесмин”,- деп билдирүү калтырган. Ал эми Наргиза Акулуева “Орхан Инанды менен күрөшүп жүрө бербей, үй салгандарды көзөмөлгө алса болмок”,- деп Түркияда быйыл болуп өткөн жер титирөөнү эске салды.

Бөлүшүү:
Next Post

Ооруду делген президент эл алдына чыкты

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко 9-майдан бери эл алдына эми чыкты. 14-майда Беларусь мамлекет башчысы Аскердик аба күчтөрүнүн жана абадан коргонуу күчтөрүнүн борбордук командалык пунктуна барып, абадан коргонуу боюнча күжүрмөн нөөмөт милдеттерин уюштуруу жана аткаруу боюнча отчетту укту. Ал келген аскер бөлүгү Минсктин четинде жайгашкан. Президент менен жолугушууда Беларусь Республикасынын Коопсуздук […]

Сизге жагышы мүмкүн