Парламент өз ара тазаланууга муктажбы?

Автор

Коомчулук парламентти ынтымакка чакырып, ошол эле мезгилде издөөгө алынган Раимбек Матраимовго тийешеси бар кээ бир депутаттардан тазаланууну сунуштап жатат. Мындан улам мурдагы “Мекеним Кыргызстандын” парламенттеги мүчөлөрү боюнча да маселе бар. Эл арасында сөз болгондой, аталган партиянын айрым мүчөлөрү бүгүнкү күнү мамлекеттик кызматты аркалап жатышат. 20-тизме менен депутаттыка талапкер болгон Гүлмира Шакирова, учурда былтыр жаңыдан курулган “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын жетектесе, 42-тизме менен депутаттыка аттанган Жапаркул Ормонов Ысык-Көл районунун акими кызматына 2023-жылы дайындалган. Депутаттардан Марлен Маматалиев, Алишер Эрбаев, Алишер Козуев, Гүлшаркан Култаева жана башкалар боюнча да, маселе козголуп, козголбошу азырынча белгисиз.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 19-февралдан 20-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу); Бишкек-Ош […]

Сизге жагышы мүмкүн