Президент эне тилинде каалоо айтты

Автор

Садыр Жапаров Татарстандагы “Келечек оюндары” турниринин катышуучуларына кыргызча каалоо – тилегин айтты. Ага орус президенти микрафон сунган.
“Урматтуу турнирдин катышуучулары! Спорт дүйнөнүн элчиси. Спорт бул – ден соолуктун булагы деп жөн жеринен айтылган эмес. Ошондуктан, баарыңыздарга ынтымак, ден соолук каалайбыз. Спортто дайыма күчтүүңөр жеңет. Күчтүүңөр жеңгиле, баарыңыздарга ийгилик каалаймын”,- деди президент.
“Орус – Кыргыз” президенттеринин жолугушуусу жылуу маанайда уланды. Владимир Путин “эки өлкөнүн мамилеси ар тараптан өнүгүп баратат. Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон жана ошол бойдон кала берет’- деп билдирген Татарстандагы жолугушууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Германиядан экономиканы үйрөнүшүбүз керек

Германия дүйнөдөгү илим менен техниканын борбору. Бүгүн дүйнөнүн 3-экономикасы немистер болуп саналат. Алардан үйрөнө турган нерсе абдан көп, мындай билдирүүнү Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал журналисттерге берген маегинде Германиядан кесиптик билим, жогорку билим жана бекер билим алууга болоорун айтып, ал үчүн немис тилин жакшы өздөштүрүп келүү сунушун айткан. […]

Сизге жагышы мүмкүн