Германиядан экономиканы үйрөнүшүбүз керек

Автор

Германия дүйнөдөгү илим менен техниканын борбору. Бүгүн дүйнөнүн 3-экономикасы немистер болуп саналат. Алардан үйрөнө турган нерсе абдан көп, мындай билдирүүнү Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
Ал журналисттерге берген маегинде Германиядан кесиптик билим, жогорку билим жана бекер билим алууга болоорун айтып, ал үчүн немис тилин жакшы өздөштүрүп келүү сунушун айткан. “Германияда жеңил оокат жок. Бул жакта чоң ата, чоң эне күтпөйт. Немистер өздөрүнүн баласына ашыкча кам көрбөйт. Ал эми биздин балдарга дегеле кам көрбөйт. Ишиңе жараша мамиле кылат. Андыктан, бул жакта талыкпай аракеттенем дегендер келиши керек”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмгек жана миграция министринин орун басары кармалды

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21-февралында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция […]

Сизге жагышы мүмкүн