«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу уланууда

Автор

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 30-майга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени белгиленген.
Айрыкча техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Өкмөт отставкага кетти. Кайра кимдер дайындалат?

Башмыйзамга ылайык Орус өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча буйрукка Михаил Мишустин өзү кол койгон. Мындай маалыматты кечээ, 7-майда аталган ведомствонун басма сөз кызматы таратты. Жаңы өкмөттүн курамы 13-19-майда Думанын кароосуна жөнөтүлүп, 20-майда толук бекитилээрин Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов билдирген. Ал эми айрым серепчилер Михаил Мишустин кайра дайындалаарын, тышкы иштер министри […]

Сизге жагышы мүмкүн