Аптанын икиясы: Эл эмне дейт?

Автор

Күндөрдүн биринде, ата – бала эшегин минип, жакынкы айылдарга сапар алышат. Биринчи айылдан эшегине экөөсү тең минип өтүп баратышса, көрүп турган элдер айтышат.
– Акмактар, экөөлөп минип алып ,эшегин аяшса боло дешет.
Кийинки айылга келгенде, эшегин баласы минип, атасы жетелеп алат. Аны көргөн элдер:
– Атасын аябаган кандай акмак бала дешиптир.
Үчүнчү айылга барганда эшегин атасы минип,баласы жөө баратса, анда да айтышыптыр:
– жаш баланы аябаган кандай карыя деп.
Андан кийинки айылга барып, экөөсү тең жөө, эшегин жетелеп алышса, эшек турса жөө басканы кызык деп жемелешет.
Ошондо атасы уулуна айткан экен . Ар дайым желкеңде өзүңдүн башың, эркин пикириң болсун уулум! Башка бирөөлөргө жагынам десең, алардын ою менен болом десең ушинтип акмак бойдон жүрө бересиң деген экен .

Бөлүшүү:
Next Post

Ататүрктөгү 19 сандын сыры

Мустафа Кемал 1881-жылы Селаник аймагында туулган. 19 жылдан кийин Стамбулга келген. 19 жылдан кийин Самсун шаарына барып, сырткы баскынчыларга каршы алгачкы көтөрүлүшүн 19 киши менен баштаган. Бул 19-май 1919 жыл эле. Ал эми ошол окуядан 19 жылдан кийин көз жумган. Чанаккеле согушунда 57-жөө аскерлер полкуна дайындалат. Көз жумгандагы жашы 57. […]

Сизге жагышы мүмкүн