Президент Садыр Жапаров  мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Анда мамлекеттик кызмат, медицина, билим берүү, маданият, адабият, токой чарбасы, коопсуздук, ойлоп табуучулук тармактарында «Эл артисти», «Эл сүрөтчүсү», «Эл акыны» ардактуу наамдарын, «Даңк» медалын алгандар болду.

Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата Президент Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Жапаров сыйлык тапшырып жатып, 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда жайкын тургундардын өмүрүн сактап калууда бекем туруп өмүрүн арнаган Мыктыбек Мурзажанов, Уланбек Улукбеков, Айбек Ысманов сыяктуу баатыр жоокерлерге ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

ИДП 3.3%га жогорулап 677 млрд сомду түздү

Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-августунда ѳткѳн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3.3%га жогорулды жана 677 млрд ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. ИДПнын өсүүсү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 1.2%, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн