Садыр Жапаров Бишкектеги борбордук мечитке барып, чогулгандарга ооз ачар өткөрдү

Автор

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.
Ошондой эле, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү.
Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады.
Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды.
Ошондой эле өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда орозо кармагандардын дуба-тилектеринин кабыл болушун, өлкөгө өнүгүү, калкка бакубатчылык каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтөт

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү моделине этабы менен өтмөй болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында маалым болду. Отурумдун күн тартибине 10дон ашык маселе киргизилген. Дүйнөлүк коомчулукта кабыл алынган билим берүү тенденцияларын жана жалпы билим берүү системасында окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында «Жалпы орто […]

Сизге жагышы мүмкүн