Бүгүн Бишкекте Элдик Курултай өтөт

Автор

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен Элдик Курултай өз ишин баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейзбук баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, иш-чара эки күнгө – 15-16-декабрга созулат.
Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат.
Иш-чара 15-16-декабрда УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфирлеринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз көрсөтүлөт.
Башталышы 10.00дө.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден менен Эрдоган Палестинанын келечегин талкуулады

АКШ президенти Жо Байден түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү жана Палестинанын калкынын келечегин талкуулоо үчүн сүйлөшкөнүн Ак сарай билдирди. “Лидерлер Газадагы гуманитардык колдоону жана жарандарды коргоону жогорулатуу аракеттерин, ошондой эле Палестина эли үчүн саясий горизонттун зарылдыгын талкуулашты”,-деп айтылат билдирүүдө. Мындан тышкары, Байден Эрдоганга АКШнын […]

Сизге жагышы мүмкүн