Парламентте ун маселеси уу-дуу жаратты

Автор

Бишкекте ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу  боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 21-сентябрда жалпы жыйында көтөрүп чыгышты. Эл өкүлү Тазабек Икрамов  Министрлер кабинети кышка даяр эмес экенин белгиледи.

«1 кап унга бир заматта 1 миң сом акча кошулду. Бул өкмөттүн шалаакылыгы. Казакстанга каалагандай суу бердик. Азыр суу жок же ун жок. Күз баштала электе ушундай болуп жатат. Азык-түлүк кымбаттап жатат. Өкмөттү чакырып, маалымат алалы»,- деди ал.

Андан кийин бул маселе боюнча депутат Марлен Мамадалиев ундун аркасы менен нан кымбаттап, артынан кафелер бааны көтөрүп, чынжырлуу болуп жаткандыгын айтты .  Ал эми  Гүля Кожомкулова Бишкекте ун жарманкелери уюштурулуп жаткандыгы менен аймактар эмне болооруна кызыкты.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский Лавровдун сөзүнөн мурда жыйындар залынан чыгып кетти

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөй электе БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйындар залынан чыгып кеткен. Украин лидеринин сөзү учурунда залда Россия Федерациясынын Туруктуу өкүлү Василий Небенза баштаган орус делегациясы болгонун белгилешет. Жолугушуунун алдында Василий Небензя Зеленскийдин катышуусу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын спектакль кылып жатканын айтты.  Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн