Зеленский Лавровдун сөзүнөн мурда жыйындар залынан чыгып кетти

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөй электе БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйындар залынан чыгып кеткен.
Украин лидеринин сөзү учурунда залда Россия Федерациясынын Туруктуу өкүлү Василий Небенза баштаган орус делегациясы болгонун белгилешет.
Жолугушуунун алдында Василий Небензя Зеленскийдин катышуусу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын спектакль кылып жатканын айтты.  Ал кошумчалагандай, Украина президентинин сөзү кеңешке кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин сөзүнүн алдына коюлганда, бир делегациянын кызыкчылыгы үчүн Коопсуздук кеңешинин иштөө тартиби бузулат.
Жыйында Украинанын президентине сөз  экинчи кезек, ал эми Сергей Лавровго он экинчи кезек берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Комиссия кайда жоголду?

Көп кабаттуу үйлөрдүн туруктуулугун териштирүү боюнча комиссия эмне болду? Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов  парламенттин бүгүнкү отурумунда айтып чыкты. “Түркияда жер титирөөдөн кийин атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү эле. Көп кабаттуу үйлөрдүн туруктуулугун териштирүү боюнча. Ошол комиссиянын жыйынтыгын көрбөй калдык. Эмне болду? Бишкек, Ош шаарларында канча көп кабаттуу үйлөр, […]

Сизге жагышы мүмкүн