Кытайдан 1 млрд доллар

Автор

Садыр Жапаров Кытайга болгон расмий зыяратынын алкагында 1 млрд долларга келишим түздү. Кол коюлган документтерге ылайык, China Power international Development Ltd менен Ысык-Көлгө 1000 мегаваттык күн электр станцияларын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу-800 млн евро, айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКнын жер семирткич заводун куруу боюнча инвестициялык макулдашуу 260 млн доллар, энергетика министрлиги менен Universal Energy Co Ltd компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум 100 млн доллар, маданият министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film company ортосунда “Жибек жолунун алыскы шамалы” сериалын биргелешип тартууга 38 млн доллар, маданият министрлиги менен Beijing Zhongi Boyue Culture Media Co ортосундагы “Бишкек сүйүүсү” биргелешкен сериалын тартуу долбооруна 25 млн доллар бөлүнмөк болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте  эл аралык "One Run" марафону өтөт

Бишкекте эл аралык “One Run” жарым марафону өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, мелдеш 4-июнда болот. Анда 21, 1, 10 жана 5 чакырымга чуркоо каралган. Ошондой эле балдарга 1 чакырымдык жарыш уюштурулат. Иш-чара ден соолукту чыңдоо жана спортту жайылтуу максатында өткөрүлүүдө. Бул марафондун бир өзгөчөлүгү […]

Сизге жагышы мүмкүн