Ош базардагы эттин баасына көзөмөл жүргүзүлдү

Wp Pw
0 0
Read Time:39 Second

Бишкектин Ош базарында эттин дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош базарда эт негизинен Чүй жана Нарын облустарынан ташылып келери белгилүү болду. Базарда эт дүң жана чекене баада сатылат.

 

Учурда эттин чекене баасы төмөндөгүдөй:

– уй эти 1 кг 500 сом – 580 сом;

– кой эти 1 кг 480 сом – 540 сом.

 

Кызматкерлер тарабынан дүң жана чекене баада соода кылган ишкерлер жана жеткирүүчүлөр арасында эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, ишкерлерге жана жеткирүүчүлөргө “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кошумчалашкандай, эттин баасына мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмдүн иши мындан ары дагы улантылат.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Мыйзамсыз күйүүчү майды ташыган 36 автоунаа аныкталды 

Казакстандан Кыргызстанга контрабандалык күйүүчү майды кошумча бактар менен жабдылган 36 автоунаа ташыган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 36 автоунаанын ичинен 29у жеңил унаа. “Бүгүн, 30-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кошумча күйүүчү май бактары орнотулган жети жүргүнчү автобус алып келинген. Автобустар дизелдик кыймылдаткычтар менен жабдылган, […]