«Талас» аэропортунун курулушу башталды

Автор

«Талас» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу башталды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Келечек урпактарга кайрылуу жазылган кутуча салуу иш-чарасына президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев жана «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов катышты.

Белгилей кетсек, аэробекеттин жалпы аянты 662,60 чарчы метрди түзөт. Жаңы аэробекет имараты саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алып, тезирээк жана натыйжалуу тейлөөнү камсыздай алат.

Имараттын курулушун 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте кайрадан кампадан өрт чыкты

Бишкек шаарында кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, Ленин районуна караштуу Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан өрт саат 8:02де чектөөгө алынды. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 06:54төн тарта жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн