Орхан Инандыга паспорт бергендер акталышты

Автор

“Сапат” билим берүү мекемесинин мурдагы президенти Орхан Инанды баш болгон 11 түрк жаранына паспорт беришкен 3 чиновник көп жылдык соттук териштирүүдөн кийин акталышты. Алар ошол кездеги президенттик администрациянын башчысы Фарид Ниязов, УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана президенттин алдындагы жарандык берүү боюнча комиссиянын катчысы Эрнис Апилов. Орхан Инанды кыргыз жарандыгын 2012-жылы алган.
Эскае салсак, мындан 3 жыл мурда түрк коопсуздук кызматтары тарабынан уурдалып, өлкөдөн чыгарылып кеткен. Ага 2016-жылдагы Түркиядагы төңкөрүшкө тийешеси бар делген айып тагылып, 21 жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Франциядан Украинага аскер жөнөтпөй турганы билдирилди

Франциянын Коргоо министрлиги Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкиндин француз аскерлерин Украинага жөнөтүү тууралуу билдирүүсүн четке какты. Тиешелүү маалымат ведомствонун X социалдык тармагында жарыяланды. Аталган мекеме Нарышкиндин билдирүүлөрүн “системалуу жалган маалымат” деп атап, Париждин орус-украин чатагын курчутуу планы жок экенин баса белгиледи. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн