Бишкекте тез татым жайында 21 адам ууланды

Автор

Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 21 адам жабыркап, 15 адам Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, алардын экөө жаш балдар. Дагы алты адам амбулатордук дарыланууда. Тергөөнүн жүрүшүндө санитардык жана микробиологиялык изилдөөлөр үчүн даяр шаурманын үлгүлөрү, ингредиенттер алынган.

Белгиленген мыйзам бузуулар үчүн тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, жабылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда октябрдан тарта пенсия көбөйөт

Кыргызстанда  пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү жогорулайт. Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы […]

Сизге жагышы мүмкүн