Франциядан Украинага аскер жөнөтпөй турганы билдирилди

Автор

Франциянын Коргоо министрлиги Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкиндин француз аскерлерин Украинага жөнөтүү тууралуу билдирүүсүн четке какты. Тиешелүү маалымат ведомствонун X социалдык тармагында жарыяланды.
Аталган мекеме Нарышкиндин билдирүүлөрүн “системалуу жалган маалымат” деп атап, Париждин орус-украин чатагын курчутуу планы жок экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров Москвада өтө турчу ЖЕЭКтин мааракелик жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышат. Маалыматка ылайык, жыйын 8-майда Москвада өтөт. Белгилей кетсек, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш — регионалдык экономикалык биригүүнүн эл аралык уюму. Анын курамына Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан жана Армения кирет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн