Социалдык фонддун быйылкы бюджети бекитилди

Автор

Президент Садыр Жапаров “Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аны былтыр декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.
Мыйзамдын максаты – Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укуктарын камсыз кылуу.
Мыйзам менен Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 106 млрд 982 млн 454,9 миң сом жана чыгашалар боюнча 105 млрд 323 млн 406,5 миң сом өлчөмүндө бекитилди.

Ошону менен бирге, Социалдык фонддун 2024-жылга бюджетинин профицити 1 млрд 659 млн 048,4 миң сом өлчөмүндө белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда сасык тумоонун өсүшү байкалууда

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиялык сезонунун келиши менен республика боюнча оорунун өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы жумада республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 9 миң 295 учуру (и.к. 131,0) катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 8,1% аз. “Ооругандардын ичинен 67,1% (6 миң 243 учур) […]

Сизге жагышы мүмкүн