Нурланбек Шакиев Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдештин ачылышына катышты

Автор

Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Шайлообек Атазовдун байгесине арналган бокс боюнча эл аралык таймаштын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев депутат тарабынан демилгеленип, өткөрүлүп жаткан мелдешке жогору баасын берип: “Акыркы жылдары спортко өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыздын улан-кыздары эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багындырышууда. Бул мамлекетибиз үчүн чоң олжо, элибиз үчүн сыймык. Андыктан бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара дагы өлкөлөр ортосундагы достукту арттырып, спортко кызыккан жаштардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди.

Аземдин алкагында төрага Нурланбек Шакиев спорт жаатындагы жетишкендиктери жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Бөлүшүү:
Next Post

 Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча  жылдын мыкты футболчусу  аталды

Аргентинанын жана ПСЖ клубунун чабуулчусу Лионель Месси ФИФАнын 2022-жылдын мыкты оюнчусу наамын жеңип алды. Парижде дүйнөлүк футболдун мыкты оюнчуларына, машыктыруучуларына жана башка адистерине “The Best” сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул сыйлыкка алдыңкы үчтүккө  француз чабуулчулары Килиан Мбаппени (ПСЖ) жана Карим Бензема (Реал Мадрид)  да  кирген.   Жалпысынан Эл аралык футбол […]

Сизге жагышы мүмкүн