Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча  жылдын мыкты футболчусу  аталды

Автор

Аргентинанын жана ПСЖ клубунун чабуулчусу Лионель Месси ФИФАнын 2022-жылдын мыкты оюнчусу наамын жеңип алды.

Парижде дүйнөлүк футболдун мыкты оюнчуларына, машыктыруучуларына жана башка адистерине “The Best” сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул сыйлыкка алдыңкы үчтүккө  француз чабуулчулары Килиан Мбаппени (ПСЖ) жана Карим Бензема (Реал Мадрид)  да  кирген.

 

Жалпысынан Эл аралык футбол федерациясы тогуз категория боюнча 2022-жылдын мыктыларын аныктады. Алексиа Путеллас (Барселона, Испания) жылдын мыкты  футболчусу болду. Аргентинанын машыктыруучусу Лионель Скалони мыкты машыктыруучу деп табылды.

Жылдын дарбазачысы Англиянын “Астон Вилла” клубунда ойногон дүйнө чемпиону аргентиналык Эмилиано Мартинестин дарбазачысы болду. Аялдар футболунда бул сыйлык Мэри Эрпске (Манчестер Юнайтед, Англия) ыйгарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык төрт балбан рейтингдик эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Болгарияда өтө турган Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдеш 2-6-март күндөрү София шаарында өтөт. Курама команданын тизмеси:   Жоламан Шаршенбеков (60 кг); Амантур Исмаилов (67 кг); Акжол Махмудов […]

Сизге жагышы мүмкүн