Жазгы ишембиликтерди өткөрүү башталды

Автор

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан келе жаткан жалпы шаардык ишембиликтерге карата жергиликтүү муниципалитеттердин башчылары жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда муниципалдык инспекциянын бөлүм башчылары аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнө шаардыктарды жанаша жайгашкан жерлерди тазалоого, короо тилкелерин, сейил бактарды, скверлерди көрктөндүрүүгө, жолдорду, тротуарларды жана унаа токтоочу жерлерди тийиштүү абалга келтирүүгө, ошондой эле газондорду кургак шагылдардан жана былтыркы жалбырактардан тазалоого активдүү катышууга чакырышты.
Эскерте кетсек, Бишкекти көрктөндүрүү, санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана жашылдандыруу боюнча иш-чара 11-марттан 11-майга чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын бардык катышуучулары аныкталды

Учурдагы Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өткөн бардык сегиз команда белгилүү болду. Турнирдин чейрек финалында “Арсенал” (Англия), “Барселона” (Испания), ПСЖ (Франция), “Бавария” (Германия), “Манчестер Сити” (Англия), “Реал Мадрид” (Испания), “Боруссия” командалары беттешет.(Дортмунд, Германия) жана Атлетико (Испания). Чейрек финалга чүчү кулак тартуу 15-мартта, жума күнү болот. Чейрек финалдын биринчи оюндары 9 жана […]

Сизге жагышы мүмкүн