Президент 13 млн сом каражат бөлдү

Автор

“2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери бизге Кытай архивдеринен кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык архивдик материалдар табылгандыгын, ал маалыматтарга ылайык кыргыз эли жазма тарыхый булактарда б.з.ч. 10-кылымдарда эле кездешкендиги, мамлекет кургандыгы, ал тургай чоң мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендиги тууралуу Кытай тарыхчысы Ю. Тайшань өзүнүн эмгектеринде жарыялаганын билдирген”,-деп жазат президенттин маалымат катчысы. Эми ошол табылгаларды байыркы Кытай тилинен Кыргыз тилине которуу үчүн Садыр Жапаров “Мурас” фондуна Президенттин фондунан 13 млн сом которуп бермей болду. Ю. Тайшандын 10 миң беттен турган  эмгектери каражаттын жоктугунан которулбай токтоп турган.

Бөлүшүү:
Next Post

Мас айдоочулар азайды

Кыргызстан боюнча 8-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин мас болуп рулга отурган 423 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде 800 мас айдоочу кармалган. Бул жылы андай жорук жасагандар 41%га азайганын байкоого болот. Мурда мас айдоочулар 17 миң 500 сом гана айып төлөп […]

Сизге жагышы мүмкүн