Ноябрда кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алат

Автор

Кыргызстандыктар ноябрь айында 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында көрсөтүлгөн.

 

Белгилүү болгондой, 4-5-ноябрь дем алыш күндөргө туура келет. 7-8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан, эс алуу күндөрү болуп саналат. Ал эми 6-ноябрдагы иш күнү 11-ноябрдагы дем алыш күнү жылдырылгандыктан, кыргызстандыктар 4-8-ноябрда 5 күн катары менен эс алат.

Бөлүшүү:
Next Post

КМШ саммити. Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат (тизме)

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү 12-13-октябрь күндөрү маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев маалымат жыйында билдирди.   Себеби 13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин президенттеринин кеңешинин жыйыны өтөт.   Төмөндө унаа кыймылына чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:   […]

Сизге жагышы мүмкүн