ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси алмашты

Автор

Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп Жайыл Русланов дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Каимов өз каалоосу менен кызматтан кеткендигине байланыштуу анын ордуна Русланов Жайыл Русланович дайындалды.

 

Жайыл Русланов 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүн аяктап (бакалавр), 2017-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университинин Журналистика факультетинин магистратурасын бүтүргөн. 2014-жылдан 2016-жылга чейин “Кыргыз Туусу” гезитинде кабарчылык кызматты аркалаган.

 

Ал эми 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүндө консультант, улук консультант жана эксперт кызматтарында иштеп келет. Ошондой эле 2019-жылы басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарган.

 

Бөлүшүү:
Next Post

12-майда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 12-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.   Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили […]

Сизге жагышы мүмкүн