Шайлообек Атазов боюнча БШК түшүндүрмө берди

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Шайлообек Атазовдун мандатынын тегерегиндеги сөздөргө түшүндүрмө берди. БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров “А. Муртазалиев депутат Ш. Атазовдун мандатын жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Биз анын өтүнүчүн четке какканбыз. Алар биздин чечимди сотко берип, утуп алышты. Бишкек администрациялык соту биздин 2022-жылдагы чечимдерди жокко чыгарды. Биз 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык тартипте кайрылуубуз керек. Андан кийин кассациялык тартипте Жогорку Сот бар. Бүгүнкү күнү мыйзам түрүндө жумуштар жүрүп жатат”,- деп билдирди.
Шайлообек Атазовдун мандатынан ажыратылганы тууралуу кептер айтылса да, БШК аны төгүндөп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ыйык Рамазандын акыркы 10 күндүгү башталды

Ыйык Рамазандын акыркы 10 күндүгү башталды. Акыркы он күнүнүн өзгөчөлүгү эмнеде? 1. Дал ушул акыркы 10 күндүктө Куран китеби түшүрүлгөн. “Бакара” сүрөсүнүн 185-аятында: “Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү”,-деп баяндалат. 2. Дал ушул акыркы […]

Сизге жагышы мүмкүн