Кыргызстанда энелердин өлүмү азайды

Автор

2023-жылдын 9 айынын оперативдүү маалыматтары боюнча энелердин өлүмү – 25%га азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 9 айдын жыйынтыгы боюнча 2023-жылы энелердин өлүмү боюнча 27 учур катталган. Былтыркыга салыштырмалуу 25%га аз. Ал эми ымыркайлардын өлүмү былтыркы жылдын көрсөткүчүндө кармалып турат – 14,2 (14,2 – 2022).
Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында октябрь айынан бери Бишкек шаарынын Үй бүлөлүк медицина борборлорунда 4 балдар амбулаториясы уюштурулган. Ош шаарында Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клиникалык диагностикалык бөлүмүн балдарды кабыл алуу үчүн кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, 2024-жылдын башында Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар клиникасы ачылат. Учурда имаратта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Талас облусуна республикалык бюджеттен 250.1 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 11 айында Талас облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 250.1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Анын ичинен, бюджеттер аралык трансферттер: – теңдөөчү трансферт – 176.7 млн сом; – ыйгарым укуктарды берүүгө – 13.9 млн сом; – электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1.6 млн сом; – жер салыгынын […]

Сизге жагышы мүмкүн