Неймар карьерасында канча акча тапканы белгилүү болду

Автор

Бразилия курама командасынын жана Сауд Аравиясынын чабуулчусу Аль-Хилал Неймардын канча акча тапканы белгилүү болду. Бул тууралуу Transfer News Live басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 32 жаштагы бразилиялык профессионалдык карьерасын баштагандан бери 933,2 миллион евро (1,01 миллиард доллар) тапкан. Бул суммага эмгек акы, демөөрчүлүк келишимдери жана башка киреше булактары кирет.
Ошентип Неймар карьерасында 1 миллиард доллар таба алган онунчу спортчу болуп калды.
Миллиардер спортчулардын тизмеси
Майкл Джордан (АКШ, баскетбол) – 2,7 миллиард доллар;
Тайгер Вудс (АКШ, гольф) – 1,85 миллиард доллар;
Криштиану Роналду (Португалия, футбол) – 1,57 миллиард доллар;
Леброн Джеймс (АКШ, баскетбол) – 1,36 миллиард доллар;
Лионель Месси (Аргентина, футбол) – 1,36 миллиард доллар;
Роджер Федерер (Швейцария, теннис) – 1,17 миллиард доллар;
Флойд Мейвезер (АКШ, бокс) – 1,14 миллиард доллар;
Дэвид Бекхэм (Улуу Британия, футбол) – 1,13 миллиард доллар;
Фил Микелсон (АКШ, гольф) – 1,05 миллиард доллар;
Неймар (Бразилия, футбол) – 1,01 миллиард доллар.
Белгилей кетсек, Неймар өткөн жайда “Аль-Хилалга” өткөн. Бразилиялык футболчу саудиялык клуб үчүн беш беттеш өткөрүп, бир гол киргизип, үч пас берген. Ноябрь айында Неймардын алдыңкы кайчылаш байламтасына операция жасалып, менискинин жыртылышы аны көп убакытка отурууга аргасыз кылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Лавров Кытайга келди

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Пекиндеги борбор аэропортко конду. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Мария Захарова билдирди. Иш сапар 9-апрелге чейин созулат. Лавров менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Идин сүйлөшүүлөрү пландалууда. Алар эки тараптуу кызматташуу, БУУ, БРИКС, ШКУ, G20, ошондой эле аймактык темаларды, Россия-Украина жаңжалы жана Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды талкуулашат. […]

Сизге жагышы мүмкүн