Лавров Кытайга келди

Автор

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Пекиндеги борбор аэропортко конду. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Мария Захарова билдирди. Иш сапар 9-апрелге чейин созулат.
Лавров менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Идин сүйлөшүүлөрү пландалууда. Алар эки тараптуу кызматташуу, БУУ, БРИКС, ШКУ, G20, ошондой эле аймактык темаларды, Россия-Украина жаңжалы жана Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды талкуулашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Күндүн толук тутулуусу болот

8-апрелде Күндүн толук тутулуусу болот. Анда Ай Күндүн бетин бир нече мүнөткө жаап калат Бул Москва убактысы боюнча 19:39дан 22:55ке чейин боло турган сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушу. Максималдуу фаза саат 21:17де болуп, 4 мүнөт 28 секундага созулат. Ал Түндүк жана Түштүк Америкада, ошондой эле Тынч жана Атлантика океандарында даана көрүнөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн