Дмитрий Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону наамын сактап калды

Автор

Кыргызстанда төрөлүп-өскөн боксчу Дмитрий Бивол британиялык атаандашы Линдон Артурду жеңип, Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта чемпиондук курун он биринчи жолу коргоп калды.
12 раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар жеңишти Дмитрий Биволго беришти. Ал Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмундагы (WBA) чемпиондук наамын коргооо менен Эл аралык бокс уюмунун версиясы (IBO) боюнча жарым оор салмактагы чемпиондук куруна да ээ болду.
Бивол акыркы жолу 2022-жылы 6-ноябрда мексикалык мушкер Хильберто Рамирес менен чыгып жеңип алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Санкт-Петербургга келди. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына келди. Сапардын алкагында Санкт-Петербург шаарында Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Мамлекет башчысын “Пулково” эл аралык аэропортунда Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Кыргыз […]

Сизге жагышы мүмкүн