Президент боксчу Мунарбек Сейитбек уулуну куттуктады

Автор

Президент Садыр Жапаров Ташкентте өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло уткан кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады.

“Бул жолу Мунарбек Сейитбек уулун кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан коло медаль жеңип алышы менен куттуктайм!

Бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи байгелүү орун.

Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен кыргыз бокс мектебинин кайра жандануусунан кабар бергендей таасир калтырды десем жаңылышпайм.

Спортто  өйдө-ылдый болуп турат. Коло болсо да бул кыргыз спорту, айрыкча жаш спортчулар үчүн чоң дем шыкак болуп берсе, жалпы спорт ышкыбоздору үчүн чоң сыймык”, — деген президент, мушкерге чың ден соолук жана алдыдагы мелдештерине спорттук ийгилик каалады.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө чемпионатында коло медаль утту.

 

Бөлүшүү:
Next Post

ТүркПАнын башкы кеңсесине кыргыз боз үйү тигилди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев  Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Баку шаарындагы башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алгач төрага Жогорку Кеңеш тарабынан белек кылынып, башкы кеңсенин аймагына тигилген кыргыз боз үйүнүн ачылышына катышты. Боордош мамлекеттердин парламенттеринин башын кошкон Ассамблеянын кеңсесине кыргыз боз үйүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн