“Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланды

Автор

Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында “Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо, кол өнөрчүлүктүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды кеңири коомчулукка таанытуу максатын көздөйт.

Сынактын башкы уюштуруучусу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги болуп саналат.

 

Катышуу шарттары:

 

— сынакка калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана жаш-курагы жана улуту чектелбейт. Ага ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен кооз боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат.

 

— буга чейин эпос фествалына катышкан боз үйлөр катыша албайт;

 

— катышуучулар 2023-жылдын 10-май айына чейин билдирме-анкета жөнөтүүсү зарыл. Анткета бул шилтеме аркылуу тиркелет;

 

— катышуучуларга сынакка жолдомо алгандыгы тууралуу маалымат уюштуруучулар тарабынан телефон аркылуу маалымдалат;

 

— талаптарга ылайык кабыл алынган боз үйлөр 2023-жылдын 16-майында Ош шаарынын Борбордук аянтында орнотулуп, сынактын жыйынтыгы чыккан соң гана чечилүүсү шарт;

 

— сынакка катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.

 

— жеңүүчүлөр Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дипломдору, грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланат.

 

Байланыш: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78

 

тел.: (0312) 62-36-39, 62-35-50, +996 773819898, +996 558700087.

 

venera-mincult@mail.ru., minculture77@mail.ru.

Бөлүшүү:
Next Post

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 1-мартында президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык спорт коомчулугунда […]

Сизге жагышы мүмкүн