“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Автор

Президент Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 1-мартында президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык спорт коомчулугунда Кыргыз Республикасынын аброюн бекемдеген жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында кабыл алынган.

 

Мыйзамда дене тарбия жана спорт тармагында жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиги үчүн бир жолку акчалай сыйлыктар боюнча мамлекеттик төлөмдөрүн жана өлчөмдөрүн КР министрлер кабинети аныктай тургандыгы көрсөтүлгөн.

 

Бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөөнүн өлчөмү спортчулардын Олимпиада, Паралимпиада, Азия жана Азия паралимпиадалык оюндарына, дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышуусу башталганга чейин бир жыл мурда аныкталат. Ошону менен бирге чемпиондорго жана байге ээлерине сый акынын өлчөмдөрү, ошондой эле машыктыруучуларга сый акылардын өлчөмдөрү жана бөлүштүрүү пайыздары (курама команданын башкы машыктыруучусу, курама команданын улук машыктыруучусу, жеке машыктыруучу, биринчи машыктыруучу) жана врачтарга бир жолку акчалай сыйлыктар мурдагы төлөмдөн кем эмес коюлат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жеңиш майрамында аскердик парад өткөрбөй турууну чечишти

Быйыл Казакстанда бюджетти үнөмдөө максатында Жеңиш майрамынын урматына аскердик парад өткөрбөй туруу чечимине келгенин Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги билдирди. “Казакстанда 2023-жылы аскердик парад өткөрүү бюджетти үнөмдөөгө, ошондой эле башка милдеттерди чечүү зарылдыгына байланыштуу пландаштырылган эмес. Учурда Коргоо министрлиги тарабынан аскердик-патриоттук иш-чаралар өткөрүлүп, өзгөчө айырмаланган аскер кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлүүдө. Согушта курман […]

Сизге жагышы мүмкүн