Абдывахаб Нурбаев балдарга үчүн заманбап жөндөмдөрдү сунуштады

Автор

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахаб Нурбаев балдар үчүн учурдагы жөндөмдөр аз экендигин белгилеп, балдар үчүн заманбап, өзгөчө жөндөмдөрдү сунуштады. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
“Билим берүү – бардык тармактардын негизин түзөт. Жаштарыбыз жакынкы келечекте жумуш таап иштөөсү үчүн кайсы жөндөмдөрдү өздөштүрүшү керектигин ойлонушубуз керек. Булар билим берүүнүн мамлекеттик стандартында камтылат. Азыркы билим берүү стандартында 3 гана жөндөм камтылган. Бул жетишсиз. Биз балдарыбызга керектүү багыттарды көрсөтүп, эмнени үйрөнүшү керектигин мугалимдер менен ата-энелерге так көрсөтүп беришибиз керек. Анан да, азыркы тез өзгөрүп жаткан доордо билим берүү стандартына дайыма толуктоолор кирип турушу маанилүү”, – деп жазды
Мындан тышкары азыркы шартка ылайык креативдүүлүк, сынчыл ой жүгүртүү, кызматташуу жана коомдук байланыш жөндөмдөрүн өздөштүрүү муктаждык экендигин белгилеп, биздин балдар инновациялык табылгаларды сунуштоону, көйгөйдү чечүүнү, анализдөөнү, эркин ой жүгүртүүнү жана илимдеги алдыңкы чечимдерди колдоно алышы керектигин айткан.
Айрыкча Абдывахаб Нурбаев баардыгын жаңы мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу процессине активдүү катышууга чакырып кетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Айбек Осмонов Кыргызстанга кайтып келди

Мындай маалыматты өздүк булактарыбызга билдиришти. Депутат Айбек Осмонов бүгүн, 11-мартта саат 05:30да Түркиядан келип конгон. Ал 23-февраль күнү дарылануу максатында Түркияга учуп кеткени айтылган. Өткөн жумада айрым ММКлар аны Раимбек Матраимовдун мафиясына кошууга аракет кылып, мандат маселесин көтөрүп чыгышкан. Бирок, белгилүү журналисттер Али Токтакунов менен Кудрет Тайчабаровдун 2020-жылда Айбек Осмоновго […]

Сизге жагышы мүмкүн