Кыргызстандыктар эмки аптанын ортосунда эс алат

Автор

Кыргызстандыктар келерки жуманын ортосунда эс алат. Анткени шаршемби, 10-апрелде өлкөдө Орозо айт белгиленет, бул күн эс алуу күнү болот.
Ислам календары күн календары менен дал келбегендиктен Орозо айттын датасы жыл сайын алмашып турат. 29 же 30 күндүк орозодон кийин үй-бүлөлөр атайын майрамдык дасторконго чогулуп, муктаж болгондорго жардам көрсөтүп, ар кандай күнөө, кемчиликтерди кечирип, дуба кылат.
Айт намазы Бишкектеги Эски аянтта жана аймактарда дагы окулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эл баатыры эл өкүлдөрүнө сунушун билдирди

“Мен дагы 24 жыл депутат болгомун. Учурда 93 жаштамын, баатыр, академик, өлкөдөгү аксакалдардын биримин. 72 жылдан бери доктормун”,- деп билдирди Мамбет Мамакеев. Ал кайрылуусунда министр Алымкадыр Бейшеналиевге колдоо көрсөтүп, депутат Жусупбек Коргонбай уулун бирөөлөрдүн ушагын айткан, далили жок сүйлөгөн депутат экенин айтты. Парламенттин жыйналышын карап отуруп аябай таң калганын, айрым […]

Сизге жагышы мүмкүн