Мирзиёевдин Тажикстанга болгон сапарынын алкагында 28 документке кол коюлду

Автор

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон союздаштык мамилелер боюнча келишимге кол коюшту.
Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүндө союздаштык мамилелер боюнча келишимге кол коюу өзбек-тажик мамилелеринин сапаттык жаңы баскычка өтүүсүн символдоштурат.
“Бүгүн кол коюлган Союздук мамилелер боюнча тарыхый келишимди ишке ашыруу үчүн бардык деңгээлдеги – парламенттер, өкмөттөр, тышкы иштер органдары, министрликтер жана аймактардагы байланыштарды жогорулатуу зарыл”,-деди Шавкат Мирзиёев.
Эмомали Рахмон Өзбекстан менен болгон саясий байланыштардын жогорку деңгээлине, соода, экономика, маданият жана коопсуздук тармактарында кызматташуунун өнүгүшүнө жана кеңейишине канаттанганын билдирди.
“Бул документ биздин региондо – Борбор Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоонун маанилүү фактору болуп калат”, – деди Рахмон.
Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 28 документке кол коюлду.
Анда өнөр жай, менчикти коргоо, илимий кызматташтык, ветеринария, айлана чөйрөнү корго, туризм ошондой эле мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган бир катар документтер камтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Самбо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө

Бишкекте күн мурун спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүүдө. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашууда: Спорттук самбо (балдар): 46, 49, 53, 58, […]

Сизге жагышы мүмкүн