АКШнын мамлекеттик катчысы араб өлкөлөрүнүн сунуштары менен келди

Автор

Бир катар араб өлкөлөрү жана Түркия Газаны кайра куруу, аймактын саясий келечегин аныктоо жана аймакта туруктуу тынчтык, коопсуздук жана стабилдүүлүккө жетишүү боюнча АКШ менен аракеттерди координациялоого даяр экенин дүйшөмбү күнү мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдирди.
Энтони Блинкен аймакты кыдырып Түркия, Греция, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабияда болду.
Араб өлкөлөрү менен Түркиянын Газаны кайра курууга даярдык көрүүнү баштоо тууралуу макулдашуусу алардын позициясынын өзгөргөнүнөн кабар берет. Азырынча алар ок атышууну токтотууну жана Газадагы палестиналыктардын абалын жакшыртууну талап кылууда.
Эми Энтони Блинкен Израилдин жана Палестинанын жетекчилиги менен жолугуп, алар менен Түркия, Иордания, Катар, БАЭ жана Сауд Арабиясынын сунуштарын талкуулайт. АКШнын мамлекеттик катчысы аймакка сапарын Египеттин президенти менен жолугушуу менен жыйынтыктайт.
Бул Энтони Блинкендин Жакынкы Чыгышка акыркы үч айдагы төртүнчү сапары. Ак сарайдын негизги максаты, америкалык эксперттердин айтымында, Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжалдын аймактык кагылышууга айланып кетишинин алдын алуу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат Жамгырчиев Өзбекстанда Салим Абдувалиев менен жолуккандыгы айтылды

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карашууда. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышып жатат. Комиссия төрагасы депутат Алишер Эрбаев Башкы прокуратура Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоп, 27-декабрда аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү сунушун парламентке жөнөткөнүн айтып, комиссиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн