Төрөлүүнү көбөйтүү үчүн жаштардын иш убактысын чектөө сунушталды

Автор
  • Кытайлык депутаттар өлкөнүн калкынын азайып баратканына каршы күрөштүн алкагында жаштар үчүн жумуш күнүн чектөөнү жана сегиз сааттан ашык иштөөгө тыюу салууну сунушташты.
    Мындан тышкары бала бакчаларда жыныстык тарбия сабагын киргизүү сунушталууда. Депутаттар сабактарды кытай окуу китептерин колдонуу менен гана өткөрүүнү талап кылышты.
    2021-жылдын май айында Кытай бийлиги өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртуу үчүн жубайларга үч балалуу болууга уруксат берген. Кытайда “бир үй-бүлө – бир бала” саясаты 1979-жылы киргизилген. 2016-жылдан тарта жарандарга эки балалуу болууга уруксат берилген.
    Депутаттардын сессиясы 5-мартта башталып, 13-мартка чейин уланат. Ага 2977 делегат катышууда. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Кытайдын өткөн мезгилдеги социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча отчетту карап, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана 2023-жылга карата бюджетти кабыл алышат.
Бөлүшүү:
Next Post

Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 94,3 млн сом түштү

Бүгүн, 6-март саат 12:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 94 млн 532 миң 311,55 сом жана 15 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында […]

Сизге жагышы мүмкүн