Владимир Путин август айында Түркияга барат

Автор

Анкара ушул жылдын август айында Орусиянын президенти Владимир Путинди кабыл алууга даярданып жатат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган  билдирди.

«Анкара менен Москва «дан келишимин» узартуу маселеси боюнча бирдей пикирде», – деди президент.

Кошумчалай кетсек, Түрк лидери НАТОнун Вильнюстагы саммитинин алкагындагы жолугушууларына, атап айтканда Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгүнө байланыштуу комментарий берди.

Эрдоган: «Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери менен кеңири талкууладык жана 52 жылдан бери ЕБнин эшигинде күткөн Түркияга карата оң кадамдарды таштоосун талап кылдык», -деди

Бөлүшүү:
Next Post

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы мелдеште алтын утту

Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты. Кыргыз балбаны катары менен 4 жеңишке жетип, алтын үчүн кармаша болгариялык спортчу Биляна Дудова менен күрөшүп, жеңишти […]

Сизге жагышы мүмкүн