Самбо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө

Автор

Бишкекте күн мурун спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүүдө. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда.
Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашууда:
Спорттук самбо (балдар): 46, 49, 53, 58, 64, 71, 79, 88, +88 кг;
Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг;
Спорттук самбо (кыздар): 41, 44, 47, 50, 54, 59, 65, 72, +72 кг.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Мелдештер 20-апрелде жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда TikTok расмий түрдө жабылды

Кыргызстандын аймагында TikTok платформасы расмий түрдө бөгөттөлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги ырастады. Маалыматка ылайык, мындай чечим КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катынын негизинде кабыл алынган. “Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөткөн. Чечимдин кабыл алынышына аталган […]

Сизге жагышы мүмкүн