Министр кылмыш иш козгогондорду Кудайга койду

Автор

“Мага башкы прокуратура 7 кылмыш ишин козгогон. Бирок, мен анын баарынан акталып чыктым. Ким жамандык кылса, ал Кудай астында жооп берет”,- деп билдирди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 11-сентябдагы комитет жыйынында. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, саламаттык сактоо тармагында башталган реформалар аягына чыгат деп билдирди. Депутат Аида Изатбекова “парламентке Эдил Байсалов сыяктуу мамиле кылбай комитеттердин жыйынына катышып турсаңыз жакшы болот, негизи биз сизди колдойбуз”,- деди эле министр “командировкага баратсам да, аны калтырып, сиздерге келем”,- деп убада берди. Комитет жыйынында депутаттар анын талапкерлигин колдошуп, ийгиликтерди каалашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Мейиздин организмге зыяндары

Мейиз – кургатылган жүзүм. Мейиздин адам организмине пайдасы белгилүү. Бул витаминдерге жана минералдарга бай антиоксидант болуп саналат. Ал эми мейиздин зыяндуулугу тууралуу биз аз угабыз. Зыяндары жана каршы көрсөтмөлөрү Мейизди гастрит, ашказан жарасы, кургак учук, энтероколит менен  ооругандарга жегенге сунушталбайт. Анын курамында кант көп болгондуктан, семиз жана диабети бар адамдарга […]

Сизге жагышы мүмкүн