Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды

Автор

Президент Садыр Жапаров «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.
Ак илбирс жаратылыш байлыгынын, маданий байгерликтин гана символу болбостон, глобалдуу аймактын 1/3 ээлеген тоо экосистемасынын туруктуулугунун жана саламаттыгынын да индикатору болуп саналат. Жаратылышта ак илбирстерди жоготуу аяр экологиялык балансты бузуу тобокелдигине алып келет, бул жаныбарлардын ар кандай түрүнө да, адамга да кыйраткыч таасирин тийгизет.
Кыргызстан жапайы жаратылышты коргоо боюнча глобалдык программалардын активдүү катышуучусу болуп саналат. Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык экологиялык коомчулуктун колдоосу менен Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы бир добуштан кабыл алынган жана Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасы (The Global Snow Leopard and Ecosystem Protection – GSLEP) жактырылган.
Ушуга байланыштуу Кыргызстанда ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча демилгелерди андан ары мамлекеттик колдоо, ошондой эле ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– Кыргыз Республикасында ак илбирстин улуттук символ деген статусун таануу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

– республикада ак илбирстин санын, ошондой эле анын экосистемасын коргоо боюнча чараларды көрсүн;

– улуттук символду жайылтуу боюнча чараларды көрсүн, логотипти, колдонуу варианттарын иштеп чыксын, улуттук жана эл аралык деңгээлде символду колдонуунун багыттарын аныктасын;

– улуттук символдун идеологиялык мазмунун аныктасын.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестицияларды тартуу боюнча улуттук агенттик эл аралык кызматташтыктын, эл аралык аянтта инвестицияларды тартуунун алкагында ак илбирстин улуттук символун жайылтуу, анын санын жана экосистемасын коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле туристтик сегментте улуттук символду колдонуу максатында улуттук жана эл аралык деңгээлде өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.

Бөлүшүү:
Next Post

“Ак шумкарлар” Вьетнам курамасын утуп алды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнам менен контролдук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. Оюн «Ак шумкарлардын» 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында Дохадагы Al Egla машыгуу талаасында орун алды. Беттештин 31-мүнөтүндө Кожо Жоэл оюндун эсебин ачты. Ал эми атаандаштар оюндун 63-мүнөтүндө эсепти теңөөгө жетишти. Бирок, Азар Акматов […]

Сизге жагышы мүмкүн