Күздө парламент “экс-президен” боюнча макамды карашы мүмкүн

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековду макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, коомчулукка талкууга алып чыкты. Депутат Жанар Акаев бул демилгени колдоп берээрин айтып, “Сооронбай Жээнбеков өзүнүн досунун мандатын парламенттин колу менен алган, эми кезек өзүнө келди. Мен бул демилгени колдоп берем”,- деди. Ал эми депутат Дастан Жумабеков демилгеге каршы. Анын пикиринде Сооронбай Жээнбеков аябай жакшы иштеген. Коомчулукта болсо, эки ача пикир бар. Бирок, Сооронбай Жээнбековдун “экс-президент” макамынын алынышын коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү колдойт. Айрым маалыматтарда айтылгандай, бул маселе күздө кайрадан күчөшү мүмкүн.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Азия оюндары: Кыргызстан спорттун кайсы түрү боюнча катышат?

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия оюндары өтө турган жайларга барды. Азия оюндары 2023-жылдын 23-сентябрынан 8-октябрына чейин Ханчжоу шаарында өтөт. Учурда спорттук айыл жана мелдеш өтүүчү жайлар оюндарга даяр. Спортчулар үчүн жатаканалар, машыгуу жана мелдеш залдары заманбап жабдуулар менен жабдылган. Азия оюндарында Кыргызстандын атынан спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн