Мессинин жаңы клубу билеттердин баасын 16 эсеге көтөрдү

Автор

Лионель Мессинин америкалык “Интер Майами” футболдук клубуна өткөнү тууралуу билдирүү АКШда чуу жаратты. Бул билеттердин баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келди.

Буга абройлуу “The Athletic” басылмасынын маалыматына караганда, Мессинин жаңы клубуна өткөнү жарыяланганга чейин эң арзан билетти 27 евро болчу. Аргентиналык  футболчунун кол коюу тууралуу кабардан кийин  баасы 435 еврого чейин чапчыган.

Башкача айтканда, билеттер дароо 16,1 эсе кымбаттады.

Эске салсак, Месси  “Интер Майами” клубуна  өткөнүн бейшемби  күнү жарыялаган. Ал Барселона жана Сауд Аравиянын клубдарына караганда америкалык клубду артык көргөн. Келишим расмий түрдө жарыялана элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды 

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.   Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ЮНЕСКО менен кызматташууга, тактап айтканда, […]

Сизге жагышы мүмкүн